Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин “Бүргөндү–Достук айыл аймагында муниципалдык мал базар уюштуруу жөнүндө” токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын
2024-жылынын 17-майы №4
“Бүргөндү–Достук айыл аймагында муниципалдык мал базар уюштуруу жөнүндө”
Бүргөндү – Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун Бүргөндү – Достук айыл аймагында муниципалдык мал базарын ачуу жана мал базар үчүн каралган жер тилкесин трансформациялоо жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-статьясынын жана 15-статьясынынын 9–пунктунун, 20-статьясынын 20-пунктун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15- июлундагы № 145 Мыйзамынын 6-7-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген убактылуу жобону жетекчилике алып, Бүргөндү–Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бүргөндү – Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун сунушу эске алынсын.
2.Жаңы–Жол участогунун № 520, 521 контурундагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жайыт жерден 10,0 га жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде мал базар уюштуруу үчүн “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
3.Муниципалдык мал базарын уюштуруу үчүн ажыратылган 10,0 га жер участогун “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жайыт жерден “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багытагы жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жагы Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынан, Министрлер Кабинетинен суралсын.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Бүргөндү–Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Календеровго жүктөлсүн.
5.Көзөмөлдөө укук жана мыйзамдуулук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Толубаевке милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы:
Б.Кубатов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Закон «О переводе (трансформации) земельных участков»Закон · 15.07.2013 · № 145 · No longer in force
- Постановление Правительства КР от 19 марта 2014 года № 169 "Об утверждении Временного положения о порядке перевода (трансформации) земельных участков"Постановление · 19.03.2014 · № 169 · No longer in force