Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин “Бүргөндү–Достук айыл аймагында кыргыз–өзбек бажы постуна жер участогун ажыратуу жөнүндө” токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын
2024-жылынын 17-майы №5
“Бүргөндү–Достук айыл аймагында кыргыз–өзбек бажы постуна жер участогун ажыратуу жөнүндө”
Бүргөндү–Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун Бүргөндү–Достук айыл аймагында кыргыз-өзбек бажы постуна жер участогун ажыратып берүү жана трансформиациялоо жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-статьясынын жана 15-статьясынынын 9–пунктунун, 20-статьясынын 20-пунктун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 Мыйзамынын 6-7-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген убактылуу жобону жетекчилике алып, Бүргөндү–Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун сунушу эске алынсын.
2.Кыргыз-өзбек бажы постун ачуу үчүн Кызыл-Туу айылынын № 1612 контурунда жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы суугат айдоо жерден 8,0 га жер участогун “Өнөр жайынын, транспорттун, баййланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
3.Бажы постун ачуу үчүн ажыратылган Кызыл-Туу айылынын №1612 контурунан 8,0 га жер участогундагы үлүш ээлерине Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 11-январь №4 “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 14 жана 30-статьясынын негизинде Кызыл-Туу айылынын № 2686а (603) контурундагы мамлекеттик фондунун жеринен 8,0 га жер участогуна алмаштырууга макулдук берилсин.
4.Кызыл-Туу айылынын №1612 контурунан 8,0 га жер участогун “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы суугат айдоо жерди “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багытагы жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жагы Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынан, Министрлер Кабинетинен суралсын.
5.Токтомдуу аткаруу жагы Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б. К. Календеровго жүктөлсүн.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укук жана мыйзамдуулук маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Толубаевке милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы:
Б.Кубатов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 3 · cited by 0 · related 0
References (3)
- Закон «О переводе (трансформации) земельных участков»Закон · 15.07.2013 · № 145 · No longer in force
- Закон «Об управлении землями сельскохозяйственного назначения»Закон · 11.01.2001 · № 4 · No longer in force
- Постановление Правительства КР от 19 марта 2014 года № 169 "Об утверждении Временного положения о порядке перевода (трансформации) земельных участков"Постановление · 19.03.2014 · № 169 · No longer in force