Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин “Бүргөндү-Достук айыл аймагына борбордук оорукана уюштурууга жер участогун трансформациялоо жөнүндө” токтому
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги VI сессиясынын
2024-жылынын 17-майы №6
“Бүргөндү-Достук айыл аймагына борбордук оорукана уюштурууга жер участогун трансформациялоо жөнүндө”
Бүргөндү–Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун Бүргөндү–Достук айыл аймагында борбордук оорукананы уюштурууга жер участогун трансформациялоо жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-статьясынын жана 15-статьясынынын 9–пунктунун, 20-статьясынын 20-пунктун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 Мыйзамынын 6-7-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген убактылуу жобону жетекчилике алып, Бүргөндү–Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун сунушу эске алынсын.
2.Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылына борбордук оорукана уюштуруу үчүн айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылынын № 834 контурунда жайгашкан “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы суугат айдоо жерден 1,32 га жер участогун “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
3.Борбордук оорукана уюштуруу үчүн ажыратылган 1,32 га жер участогундагы үлүш ээлерине Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 11-январь № 4 “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 14 жана 30-статьясынын негизинде мамлекеттик фондунун жерине алмаштырууга макулдук берилсин.
4.Айыл өкмөтүнүн борбордук оорукана уюштуруу үчун ажыратылган 1,32 га жер участогун багытын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы суугат айдоо жерден “Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багытагы жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жагы Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынан, Министрлер Кабинетинен суралсын.
5.Токтомдуу аткаруу жагы Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б. К. Календеровго жүктөлсүн.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укук жана мыйзамдуулук маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Толубаевке милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы:
Б.Кубатов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 3 · cited by 0 · related 0
References (3)
- Закон «О переводе (трансформации) земельных участков»Закон · 15.07.2013 · № 145 · No longer in force
- Закон «Об управлении землями сельскохозяйственного назначения»Закон · 11.01.2001 · № 4 · No longer in force
- Постановление Правительства КР от 19 марта 2014 года № 169 "Об утверждении Временного положения о порядке перевода (трансформации) земельных участков"Постановление · 19.03.2014 · № 169 · No longer in force