Кочкор-Ата шаардык кеңешинин «Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы филиалын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башкаруусуна өткөрүү маселесин кароо жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы 2024-жыл 19-апрель №01-5/206
Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы филиалын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башкаруусуна өткөрүү маселесин кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 03-апрелиндеги № 89 Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин жөнөткөн катын жана шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы филиалын муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 6-беренесин жетекчиликке алып токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы филиалын Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин үч жылдык мөөнөттө субсидия төлөп берүү шарты чечилген учурда макул экендиги белгиленсин.
2. Кочкор-Ата жылуулук менен жабдуу ишканасы филиалын муниципалдык менчикке кабыл алууда ички, тышкы карыздарын толугу менен жоюу жагы учурдагы «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну мэр А.Т.Жумаевге тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жалпы депутаттарга жүктөлсүн.
Төрага:
Н.А.Абдуразаков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.