Раззаков шаардык кенешинин «Кош каржылоонун негизинде 2025-жылга карата сунушталуучу приоритеттүү гранттык долбоорлордун тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XXXV СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы) 2024-жылдын 29-августу № 6 Кош каржылоонун негизинде 2025-жылга карата сунушталуучу приоритеттүү гранттык долбоорлордун тизмесин бекитүү жөнүндө.
Раззаков шаарынын мэриясынын кош каржылоонун негизинде 2025-жылга карата сунушталуучу приоритеттүү гранттык долбоорлордун тизмесин бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27- жана 34-беренелерине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXХV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош каржылоонун негизинде 2025-жылга карата төмөнкү сунушталуучу приоритеттүү гранттык долбоорлордун тизмеси бекитилсин жана өздүк салым катары каралган акча каражаттары 2025-жылдын бюджетине киргизүү жагы каралсын.
1. Дем берүүчү грантка: Агартуу, М.Бабаев жана Восточная-3 көчөлөрүндөгү 1904метр жолдорун оңдоо долбоору жалпы суммасы 13328,0 мин сом анын ичинде өздүк салым 8328,0 мин сом.
2. Дем берүүчү грантка: Орто-Дөң, Булак-Башы жана Чынар көчөлөрүндөгү 2485метр жолдорун оңдоо долбоору жалпы суммасы 14910,0 мин сом анын ичинде өздүк салым 9910,0 мин сом.
3. Дем берүүчү грантка: “Наристе” балдар бакчасын капиталдык оңдоо долбоору, жалпы сумма 10827,0 мин сом, анын ичинде өздүк салым 5827,0 мин сом.
4. Райондук өнүктүрүү фондуна: Раззаков шаарынын Манас-Ата жана И.Раззаков көчөлөрүндө 1300метр жол инфратүзүмүн оңдоо долбоору, жалпы сумма 12740,0 мин сом анын ичинде өздүк салым 3740,0 мин сом.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Б.Б.Айтемиров
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 0 · cited by 2 · related 0
Cited by (2)
- Раззаков шаардык кенешинин 2025-жылдын 31-январындагы 31 "Раззаков шаарынын аймагын 2024-жылдын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын аткарылышы жана 2025-жылдын…Постановление · 31.01.2025 · № 1
- Раззаков шаардык кенешинин 2026-жылдын 28-январындагы 31 "Раззаков шаарынын 2025-жылдын Өнүгүү программасынын аткарылышы жөнүндө маалымат угуу" токтомуПостановление · 28.01.2026 · № 1