Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин «Админстративдик –аймактык реформанын 1 этабына даярдык көрүү үчүн региондорду өнүктүрүүнүн концепциясынын долбоорун талкууга коюу жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин № 8 чакырылышынын кезектеги 5- отуруму (сессиясы)
2023-жылдын 3-октябры № 5-4 Админстративдик –аймактык реформанын 1 этабына даярдык көрүү үчүн региондорду өнүктүрүүнүн концепциясынын долбоорун талкууга коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ №350 Жарлыгына ылайык, Ноокат райондук мамлекеттик админстрациясынын 2023-жылдын 3-октябрындагы №01-25/3347 сандуу чыгыш катына негиз, Н. Атаканованын билдирүүсүнө негиз, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ №350 Жарлыгына ылайык, Ноокат райондук мамлекеттик админстрациясынын 2023-жылдын 3-октябрындагы №01-25/3347 сандуу чыгыш каты аткарууга алынсын.
2. Админстративдик–аймактык реформанын 1этабына даярдык көрүү үчүн региондорду өнүктүрүүнүн концепциясынын долбооруна “каршы эместиги” белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ №350 Жарлыгын мыйзам чегинде аткаруу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, коомдук тартип боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага
Н.Жолдошов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.