Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Бурана айылдык кенешинин 2022 жылдын 29-декабры № 50 «Бурана айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун (ФПС) жерлерин аз камсыз үй-бүлөөлөргө түз сүйлөшүүлөр жолу менен берүү тартиби жөнүндө» токтому
БУРАНА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Бурана айылдык кенешинин 28- чакырылышынын көзектеги сессиясы
2022 жылдын 29-декабры № 50 Бурана айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун (ФПС) жерлерин аз камсыз үй-бүлөөлөргө түз сүйлөшүүлөр жолу менен берүү тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 09-сентябрындагы №494 токтому менен “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” бекилген Типтүү Жобого ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Бурана айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Бурана айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 2022-жылдын 22-декабрындагы №2-протоколунун негизинде, Бурана айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун (ФПС) жерлерин аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жерди түздөн-түз арыздын негизинде 1 га жердин ижара акысы 8300сом жана ижара мөөнөтү бир жыл деп бекитилсин.
2. ФПСтин жерин алган аз камсыз үй-бүйлөөлөр (ижарачы),эгер бардык эрежелерди туура сактабай,жерди кошумча ижарага берип,ижара салыгын төлөбөсө жер автоматтык түрдө алынсын.
3. Ижарачы баардык эрежелерди туура сактап,төлөмдөрдү убагында төлөп,субижарага бербесе андан ары 4 жылга автоматтык түрдө узартылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын Бурана айыл өкмөтүнүн башчысы Тенис уулу Бакайга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жер маселеси боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Эсенбековго жүктөлсүн.
Төрага
А.Б.Исагалиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.