Бурана айылдык кенешинин 2022 жылдын 29-декабры № 49 «Бурана айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун (ФПС) жерлеринин тооруктун биринчи баштапкы баасы жана кадамдык көтөрүм бааларын кабыл алуу тартиби жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
БУРАНА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Бурана айылдык кенешинин 28- чакырылышынын көзектеги сессиясы
2022 жылдын 29-декабры № 49 Бурана айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондунун (ФПС) жерлеринин тооруктун биринчи баштапкы баасы жана кадамдык көтөрүм бааларын кабыл алуу тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 09-сентябрындагы №494 токтому менен “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” бекилген Типтүү Жобого ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Бурана айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. КБФ (ФПС) жерлеринин регламенти жана келечек планы бекитилсин.
2. Бурана айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 2022-жылдын 22-декабрындагы №2-протоколунун негизинде, Бурана айыл аймагындагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин торук аркылуу берүү үчүн:
-Баштапкы баасы (стартовый стоимость 20% от налога)20% 1 га 8300 сом деп бекитилсин. -Арымы шаг 10% 1 га 830 сом болсун. -Кирүү акысы(первоначальный взнос)-8300:30%= 1 га 2490 сом болсун. -Ижара мөөнтү 5(беш) жыл болсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын Бурана айыл өкмөтүнүн башчысы Тенис уулу Бакайга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык жер маселеси боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Эсенбековго жүктөлсүн.
Төрага
А.Б.Исагалиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.