Ош шаардык кеңешинин «Ош шаарынын муниципалдык менчик обьекттеринин реестрин бекитүү жөнүндө» токтому.
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХVIII СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2024-жылдын 6-июну № 224 Ош шаарынын муниципалдык менчик обьекттеринин реестрин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 9-беренесине ылайык, Ош шаарынын мэринин орун басары З.Юсуповдун Ош шаарынын муниципалдык менчик обьекттеринин реестрин бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2024-жылдын 5-июнундагы №16 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаарынын муниципалдык менчик обьекттеринин реестри тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
2.Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 11-июнундагы №186 “Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан муниципалдык мүлктүн реестрине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча аткарылып жаткан иштери жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага
С.С. Назылбеков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.