Ош шаардык кеңешинин «Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №162 токтому менен бекитилген “Ош шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун кээ бир бөлүгүн жокко чыгаруу боюнча Ош шаарынын прокуратурасынын каршылык билдирүүсү жөнүндө» токтому.
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XХVIII СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2024-жылдын 6-июну № 222 Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №162 токтому менен бекитилген “Ош шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун кээ бир бөлүгүн жокко чыгаруу боюнча Ош шаарынын прокуратурасынын каршылык билдирүүсү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын прокуратурасынын бөлүм башчысы Ж.Насиповдун Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №162 “Ош шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген “Ош шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун кээ бир бөлүгүн жокко чыгаруу боюнча Ош шаарынын прокуратурасынын каршылык билдирүүсү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2024-жылдын 5-июнундагы №13 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №162 “Ош шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген “Ош шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун 1.12. пункту жокко чыгарылсын.
2.Ош шаарынын мэриясы (Б.Жетигенов) Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №162 “Ош шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген “Ош шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун 1.11. пунктун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобого ылайыкташтыруу жана Ош шаардык Кеңешинин кароосуна киргизүү милдеттендирилсин.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы
С.С. Назылбеков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Постановление Правительства КР от 6 мая 2005 года № 177 "Об утверждении Положения о порядке предоставления земельных участков под индивидуальное жилищное строительство"Постановление · 06.05.2005 · № 177
- Постановление Ошского городского Кенеша от 27 марта 2014 года № 162 (Об утверждении Положения о порядке предоставления земельных участков под индивидуальное жилищное…Постановление · 27.03.2014 · № 162