Ак-Сай айылдык кенешинин «Ак-Сай айыл өкмөтүн аймагындагы мектептерге көмөкчү чарба үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ АК-Сай айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2024-жылдын 25-апрели №54 Ак-Сай айыл өкмөтүн аймагындагы мектептерге көмөкчү чарба үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы №46 токтомун ишке ашыруу үчүн окуучулардын тамактануусунун сапатын жакшыртуу максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы токтом кылат:
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн карамагындагы жер участокторунан Ак-Сай айыл аймагындагы мектептерге көмөкчү чарба үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
Ушул токтомдун аткарылышы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго жүктөлсүн.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл-чарба, агро-өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеӊешинин тѳрагасы
К.Халматов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Правительства КР от 16 февраля 2021 года № 46 "Об утверждении Порядка организации деятельности пришкольных хозяйств"Постановление · 16.02.2021 · № 46