Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жана кошумча план алуу жөнүндө» токтому
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин XIX чакырылышынын депутаттарынын кезексиз V сессиясы 2023-жылдын 8-августу № 5/3 Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жана кошумча план алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы Дайыргазы уулу Нурландын баяндамасын угуп жана талкуулап бириктирилген Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз V сессиясы токтом кылат :
1. Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акыга түшкөн 404,0 миң сом акча каражатына Большевик айылына таза суу үчүн кошумча суу түтүк тартып келүүгө кошумча планы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 токтомунун негизинде “Нарын облусунун аймагында жайгашкан айыл аймактарында ирригацияны,ичүүчү суу менен камсыздоону күтүүнү,ошондой эле жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу” боюнча Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканаларынын кирешелерине:жайыт акы үчүн 1023,7 миң сомго,кызмат көрсөтүүнүн башка квалификацияланбаган түрлөрү: таза суу үчүн акы 1560,3 миң сомго,сугат суу үчүн акы 179,0 миң сом,тазалык жыйымдары 212,0 миң сом, жалпысы 1951,3 сомго кошумча поан бекитилсин.
3. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинен 70111 бөлүгүнүн 2215 статьясынан пайдаланылбай үнөм болуп калган 1108,5 миң сом 70823 бөлүгүнүн 3111 статьясынан 400,2 миң сом,70911 бөлүгүнүн 2221 статьясынан 72,0 миң сом,70921 бөлүгүнүн 2215 статьясынан 7,0 миң сом акча каражатын жетишсиз болгон статьяларга: 70111 бөлүгүнүн 3111 статьясына жол чырактарын орнотууга 900,0 миң сом,ички жолдорго суу өтүүчү көпүрөгө 208,5 миң сом,2215 статьясына муниципалдык ишкананын чарбачылыгын жакшыртууга 400,2 миң сом,70911 бөлүгүнүн 2221статьясына 3 сааттык бала бакча уюштуруу үчүн 72,0 миң сом,70921 бөлүгүнүн 3112 статьясына китеп сатып алуу үчүн 7,0 миң сом,жалпысы 1587,7 миң(бир миллион беш жүз сексен жети миң жети жүз) сом жылдырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен сметага ылайык кошумча план суралсын.Акча каражаты бекитилген сметага ылайык казына бөлүмү аркылуу түз чыгымдалсын жана аны көзөмөлдөө Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери А.Карыбек уулуна милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин катчысы А.Чукулуковго тапшырылсын.
Төрага
Д.Жолдошбек уулу
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.