Депутаттардын Талас шаардык кенешинин «Депутаттардын Талас шаардык кенешине катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчү 1 штат бирдигин жана айдоочу 1 штат бирдигин киргизүү жана техникалык тейлеп иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарына 50 пайыз үстөк акы белгилөө жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы кезексиз XXXIV сессиясынын
2024-жылдын 10-майы № 236/34-8
Депутаттардын Талас шаардык кенешине катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчү 1 штат бирдигин жана айдоочу 1 штат бирдигин киргизүү жана техникалык тейлеп иштеген кызматкерлердин кызматтык маяналарына 50 пайыз үстөк акы белгилөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 сандуу “Пилоттук режимде административдик аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомунун 1-бөлүмүнүн 5-тиркемеси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 26-июлундагы №408 сандуу токтому менен бекитилген Эмгек акыга байланыштуу сыйлыктардын (перечень) тизмеси, Кыргыз Республикасынын Мингистрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлеп иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” №433 токтомунун 4-пунктуна ылайык, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколун жана корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы; ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кенешине катчы-иш кагаздарын жүргүзүүчү 1 штат бирдиги жана айдоочу 1 штат бирдиги киргизилсин.
2. Талас шаардык кенешинин техникалык тейлеп иштеген кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган үстөктөрдүн негизинде, иштин татаалдыгы, сапаты, иштин жыйынтыгы, кесиптик демилге көрсөткөндүгү жана аткарылган иштин көлөмүнүн көбөйгөндүгү үчүн айлык акысына 50 пайыз өлчөмдө үстөк акы каралып берилсин.
3. Айдоочунун эмгек акы маянасына ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн кызматтык маянанын 25 пайызы өлчөмүндө үстөк акы төлөнүп берилсин.
4. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (У.Атагелдиев) тапшырылсын.
Төрага
К. Джаныбеков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Правительства КР от 26 июля 1999 года N 408 "Об утверждении Перечня вознаграждений, относящихся к оплате труда"Постановление · 26.07.1999 · № 408 · No longer in force