Т.Балтагулов айылдык кеңешинин “Ак-Коргон-Тазалык” муниципалдык ишканасын “Ак-Там-Тазалык” муниципалдык ишканасына кошуу жөнүндө” токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Т.БАЛТАГУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Балтагулов айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясынын
2024-жылынын 23-апрели №5/5
“Ак-Коргон-Тазалык” муниципалдык ишканасын “Ак-Там-Тазалык” муниципалдык ишканасына кошуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынны Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндөгү № 370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин,Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” № 37 мыйзамынын 16-беренесин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген 2023-жылдын 29-декабрындагы “Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндөгү” № 735 токтомун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндөгү” № 52 токтомун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды,филиалдарды(өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндөгү” Жобосун жетекчиликке алып, Т.Балтагулов айылдык кеңешинин 2024-жылдын 23-апрелиндеги I чакырылышынын V кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. “Ак-Коргон-Тазалык” муниципалдык ишканасын “Ак-Там-Тазалык” муниципалдык ишканасына кошуу жолу менен кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.
2. “Ак-Там-Тазалык” муниципалдык ишканасынын аталышы “Чанач-Сай” муниципалдык ишканасы деп өзгөртүлсүн.Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
-мамлекеттик тилде: “Чанач-Сай” муниципалдык ишканасы; -расмий тилде: Муниципальное предприятие “Чанач-Сай”; Кыскача фирмалык аталышы: -мамлекеттик тилде: “Чанач-Сай” МИ; -расмий тилде: МП “Чанач-Сай”.
3. Муниципалдык ишкананын директору болуп Асанбаев Максатбек Шаматович дайындалсын.
4. Токтомду alabuka.kg вебсайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Т.Балтагулов айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин. токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
.
Төрага:
Т.Хамракулов.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 31 марта 2023 года № 178 "Об утверждении Положения о порядке государственной регистрации юридических лиц, филиалов…Постановление · 31.03.2023 · № 178 · No longer in force