Айдаркен шаардык кеңешинин «Административдик-аймактык реформа боюнча Айдаркен шаарынын курамына шаарга чектеш айылдарды кошуу жѳнүндѳ» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Айдаркен шаардык кеңешинин IV-чакырылышынын кезексиз 25-сессиясынын
2023-жылдын 22-сентябрындагы № 55
Административдик-аймактык реформа боюнча Айдаркен шаарынын курамына шаарга чектеш айылдарды кошуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн ѳркүндѳтүү жана региондорду ѳнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жѳнүндѳ” жарлыгын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги №65 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү тууралуу” Мыйзамынын 12-беренесине ылайык жана административдик-аймактык реформанын жүрүшүнүн негизинде Айдаркен шаарынын курамына шаарга чектеш айылдарды кошуу жѳнүндѳгү маселени карап, талкуулап чыгып Айдаркен шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айыл аймагынын бардык айылдарын, Алга айыл аймагынын Шак-Шак айылын, Баткен районуна караштуу Бѳжѳй, Сай айылдарын Айдаркен шаарынын курамына кошулушуна макулдук берилсин.
2. Алга айыл аймагынын Шак-Шак айылын, Бирлик айыл аймагынын Кичи-Айдаркен айылын, Жал айылынын Аэропорт участкасын жана саркынды сууларды тазалоочу курулмалар жана чыпкалоо жайгашкан жер аянттары толугу менен Айдаркен шаарынын курамына кошулушуна макулдук берилсин.
3. Аталган айыл аймактарды жана айылдарды Айдаркен шаарынын курамына кошуу жагы Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
4. Тиешелүү маалыматтарды тактоо жана ушул токтомдун аткарылышы шаар мэри А.С.Мурзажановго жүктѳлсүн.
5. Токтомду каттоодон өткөрүү жагы областык Юстиция башкармалыгынан суралсын.
Төрага
А.К.Кожомбердиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 2
References (1)
- Закон «Об административно-территориальном устройстве Кыргызской Республики»Закон · 25.04.2008 · № 65
Related documents (2)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123
- Указ Президента Кыргызской Республики от 18 октября 2022 года УП № 350 "О дальнейших мерах по совершенствованию административно-территориального устройства и развитию регионов…Указ · 18.10.2022 · № 350