Баткен шаардык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №291 токтомун Баткен шаарынын аймагында аткарууга алуу жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясынын
2022-жылдын 29-декабры, № 77
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №291 токтомун Баткен шаарынын аймагында аткарууга алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №123 Мыйзамынын 34-берененин 1,3-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №291 токтомун реализациялоо максатында Баткен шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук, коопсуздук, наамдарды ыйгаруу, курулуш куруу, архитектура, транспорт жана коммуникация, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын биргелекен кортундуларыны негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы Токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №291 токтомунун жобосуна ылайык шаар аймгында жер аянттарын бекитип берүү иштери жүргүзүлсүн.
2. Баткен шаарынын аймагында тургундардын ээлеп жүргөн жер аянттары аймактардагы белгиленген норма менен бекитилип берилсин.
3. Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4. Токтом мамлекеттик реестирге киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын шаардык Кеңештин бюджет, экономика, инвестиция жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Мадымаров/ жүктөлсүн.
Төрага
А.Аширов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 3
Related documents (3)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123
- Положение о порядке проведения земельной амнистии (Утверждено постановлением Кабинета Министров Кыргызской Республики от 31 мая 2022 года № 291)Положение · 31.05.2022 · № 291
- Постановление Кабинета Министров КР от 31 мая 2022 года № 291 "Об утверждении Положения о порядке проведения земельной амнистии"Постановление · 31.05.2022 · № 291