Нарын шаардык кеңешинин «Жер тилкесин «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКга мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө» №2 Токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Нарын шаардык кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги XXXVI сессиясы
2024-жылдын 14-июну №2 Жер тилкесин «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКга мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги №126-т тескемесинин 2-пунктуна ылайык Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Нарын шаарындагы Кирпич заводунун жер аянтындагы бирдейлештирилген коду 4050100020862 жалпы аянты 8 га жер тилкеси «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКга мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө тиешелүү бүтүмдүк иш кагаздарын Мыйзам чегинде бүткөрүү Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага
А.Молдосалиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.