Жаргылчак айылдык кеңеши «Жаргылчак айыл аймагындагы салыктык эмес жыйымдардын баасын бекитүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жаргылчак айылдык кеңеши ХХVIII чакырылышынын 15-сессиясы
2023-жылдын 8-февралы № 11 Жаргылчак айыл аймагындагы салыктык эмес жыйымдардын баасын бекитүү жөнүндө Жаргылчак айыл аймагы боюнча таштандыларды ташып чыгаруу жыйымынын бааларын бекитүү максатында, Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 15 сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы № 89 салыктык эмес кирешелердин мыйзамынын 73, 74, 75, 76 беренелерине ылайык Жаргылчак айыл аймагы боюнча таштандыларды ташып чыгаруу жыйымынын баалары төмөндөгүдөй бекитилсин:
2. Ишкердик менен алектенбеген жеке жактар ар бир жашоочуга 20 сомдон белгиленсин, жыйындарды чогултууда ар бир жашоочуну аныктоо кыйынчылык туудургандыктан орточо эсеп менен түтүнгө 100 сом өлчөмүндө төлөм бекитилсин.( 12979 жалпы адамдын саны, 2975 түтүндүн саны, ошондо орточо эсеп менен бир түтүнгө беш адам туура келет)
3. Жыйымды чогултуу мөөнөтү ар жылдын 25-ноябрына чейин бекитилсин.
4. Таштанды ташып чыгаруу жыйымдарынан төмөндөгү жарандар бошотулсун:
- 1-2 топтогу майыптар, баатыр энелер, убактылуу үйүндө жашабагандар (студунттер,мигранттар) жалгыз бой адамдар жана жакыр жашаган үй-бүлөлөр.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага
Т.Д. Кызалаков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Закон «О введении в действие Кодекса Кыргызской Республики о неналоговых доходах»Закон · 10.08.2018 · № 89