Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин «Балык чарба уюштурууга жер аянтын (которууга) трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө»№10/69 токтому
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ Депутаттардын VII чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз X-сессиясы 2024-жылдын 19-апрели №10/69 Балык чарба уюштурууга жер аянтын (которууга) трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 43 токтому менен бекитилген жобого, «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамга ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык балык чарба уюштуруу үчүн Төлөк айылындагы төмөндөгү контурлар №1698, №1701, №1702, №1706, №2074 (жайыт жер түрүн), №1709 (мал айдап өтүүчү жол) Чокой-Булак участкасындагы – жалпысы 6,0 га жер аянтын жердин максаттык багытына же түрүнө (которууга) трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу менен Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жер комиссиясына сунуштоо жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жер, жайыт, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага:
А. Дүйшөнбек уулу
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.