Жекенди айылдык кеңешинин «Жекенди айылдык аймагындагы жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун “Береке” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө» токтому.
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жекенди айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы 2024-жылдын 25-марты № 11 Жекенди айылдык аймагындагы жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун “Береке” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабындагы № 735 “Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административтик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” убактылуу жобого ылайык Жекенди айылдык Кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жекенди айыл өкмөтүнүн жайыт комитети менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу, жайыт комитенин мүлктөрүн жана документтерин айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүп алуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 735 токтомуна ылайык “Береке” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жагы айыл өкмөт башчысы Б.Н.Нышанбаевге милдеттендирилсин.
2.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабындагы № 735 токтому менен бекитилген убактылуу жобого ылайык иш алып баруу жагы “Береке” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Халилов Сагынбекке жүктөлсүн.
Төрага
А.Абдукалилов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Кабинета Министров КР от 29 декабря 2023 года № 735 "О порядке предоставления права управления и пользования государственными пастбищными угодьями органами местного…Постановление · 29.12.2023 · № 735 · No longer in force