Жекенди айылдык кеңешинин «Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө» токтому.
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Жекенди айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезексиз жыйырма үчүнчү сессиясы 2024-жылдын 29-февралы № 9 Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которуу (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Жекенди айылдык аймагына караштуу бадал эсебиндеги № 1923 контурундагы 0,50 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы бадалдуу жерлер” категориясында турган 0,50 га бадалдуу жер аянтынан “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин кезексиз жыйырма үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Жекенди айылдык аймагына караштуу бадал эсебиндеги № 1923 контурундагы 0,50 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы бадалдуу жерлер” категориясында турган 0,50 га бадалдуу жер аянтынан “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндөгү сунушу жактырылсын.
2. Жекенди айылдык аймагына караштуу бадал эсебиндеги № 1923 контурундагы 0,50 га жер аянтын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык, “Айыл чарба багытындагы бадалдуу жерлер” категориясында турган 0,50 га жер бадалдуу жер аянтынан “Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
3.Тийиштүү документтерди бүтүрүп Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Эшовго тапшырылсын.
Төрага
А.Абдукалилов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- "Временное положение о порядке перевода (трансформации) земельных участков" (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 19 марта 2014 года №169)Временное положение · 19.03.2014 · № 169 · No longer in force