Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин «Айыл өкмөттүн эсебине 2024-жылга карата “Казыбек-Кара-Коюн” муниципалдык ишкананын акча каражатын пландан кыскартуу жөнүндө» №4/15 токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 9-чакырылышынын 4-кезектүү сессиясы
2024-жылдын 14-майы №4/15 Айыл өкмөттүн эсебине 2024-жылга карата “Казыбек-Кара-Коюн” муниципалдык ишкананын акча каражатын пландан кыскартуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 37-беренесине ылайык, Айыл өкмөттүн эсебине 2024-жылга карата “Казыбек-Кара-Коюн” муниципалдык ишкананын акча каражатын пландан кыскартуу тууралуу карап чыгып айылдык Кенеш токтом кылат:
1.2022-жылдын 26-декабрындагы №713 Токтомунун негизинде муниципалдык ишканалардын 2023-жылы эсеп беттери ачылып, түшүүчү каражат казына аркылуу төгүлгөн 2024-жылдын планына бекитилген, бирок бүгүнкү күндө муниципалдык ишканадан түшкөн акча каражат өздөрүнүн счетуна түз түшүүдө, Ошол себептен Казыбек айыл аймагынын айылдык кенешинин 9-чакырылышынын 3-кезектүү сессиясынын №3\4 токтому менен бекитилген пландан Р-70629 бөлүгүнөн 14238900 статьясынан 2220,2 мин сом акча каражаты пландан кыскартылсын.
Жалпы кыскартылуучу сумма: 2220,2 мин сом
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Социалдык экономикалык өнүктүрүү бөлүмү башчысы Т.Исаковго жана башкы бухгалтер Н.Үсөналиевага, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы Т.Стамакуновго тапшырылсын.
Төрага
Э. Бактыгулов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.