Ылай-Талаа айылдык кеңешинин «Ылай-Талаа айыл аймагындагы Жылкол айылынын “Салаа Таш” участкасындагы жер аянтына чакан корук (микрозаповедник) уюштуруу жөнүндө» токтому.
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы ) кезектеги XV сессиясы 2024-жылдын 26-январы №15/4 Ылай-Талаа айыл аймагындагы Жылкол айылынын “Салаа Таш” участкасындагы жер аянтына чакан корук (микрозаповедник) уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы №554 “Микрокоруктарды жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү жана алардын иштөө тартиби тууралуу” токтомун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 22-беренесинин 2.1-пунктун жетекчиликке алып Ылай-Талаа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ылай-Талаа айыл аймагындагы Жылкол айылынын “Салаа Таш” участкасындагы таштак жайыт багытындагы жерден 10 (он) га жер аянтына чакан корук (микрозаповедник) уюштурууга уруксат берилсин.
2. Чакан коруктун юридикалык документтерин даярдап бүтүрүп ишке ашыруу жагы “Орчун” жамааттык бирикмесинин башчысы А.Чатаевге милдеттендирилсин.
3. Уюштуруу иштерине көмөк көрсөтүү жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы М.Исабаев) тапшырылсын.
Төрага:
Н.Айтбаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.