Халмион айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Халмион айыл аймагында коомдук коопсуздукту сактоо боюнча иш-чаралары жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ХАЛМИОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Халмион айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылыш кезексиз он тогузунчу сессиясы
2022-жылдын 29-ноябрындагы № 58
Халмион айыл аймагында коомдук коопсуздукту сактоо боюнча иш-чаралары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 368 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүнүн тартиби жонүндөгү” жобонун талаптарын көзөмөлгө алуу максатында, Халмион айылдык милиция бөлүмчосунүн 2022-жылдын 29-ноябрындагы №15/142 катына негиз Халмион айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл аймагында Жаны-жыл майрамынын алдында сатылуучу пиротехникалык буюмдарды саткан бардык соода түйүндөрү, базар жетекчилери тарабынан аталган Жобонун талаптарын сакталышы көзөмөлгө алынсын.
2. Халмион айыл аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине, мектеп, балдар бакчасынын жетекчилерине балаты майрамын өткөрүүдө пиротехника буюмдарын колдонууга тыую салынгандыгы эскертилсин.
3. Халмион айыл өкмөтүнүн аймагындагы соода түйүндорүнө пиротехникалык буюмдарды мыйзамда белгиленген тартипте сатылышын көзөмөлдөо жагы Халмион айылдык милиция бөлумүнө сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына жүктолсүн.
Төраганын м.а.
Камилжанов Э.Ш.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 1
References (1)
- Постановление Правительства КР от 24 августа 2007 года № 368 "Об утверждении Правил оборота гражданских пиротехнических изделий на территории Кыргызской Республики"Постановление · 24.08.2007 · № 368 · No longer in force
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Правила оборота гражданских пиротехнических изделий на территории Кыргызской Республики (Утверждена постановлением Правительства Кыргызской Республики от 24 августа 2007 года №…Правила · 24.08.2007 · № 368 · No longer in force