Базар-Коргон шаардык кеңешинин “Базар-Коргон шаар мэриясынын Актайлак-Ата жана Бабур участкаларында башкаруу бөлүмдөрүнө штат бирдигин түзүү жөнүңдө” токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясынын 2024-жылы 31-январы №9
“Базар-Коргон шаар мэриясынын Актайлак-Ата жана Бабур участкаларында башкаруу бөлүмдөрүнө штат бирдигин түзүү жөнүңдө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-34-65-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11 -октябрындагы № 197 “Жарандардын кайрылууларын ыкчам жооп кайтаруу жана калк менен өз ара байланышты жакшыртуу жөнүндө” тескемесин аткарууга алуу менен, 29.01.2024-жылкы чыгыш №01-17/118 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэри Т.Осмоновдун катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XXVII -сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаар мэриясынын Актайлак-Ата жана Бабур участкаларында башкаруу бөлүмү түзүлүп жаткандыгына байланыштуу, 2 штат бирдигин түзүүгө жана эмгек акысы үчүн 592,7 миң сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.
Төрага:
К. Анарбеков.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Распоряжение Президента Кыргызской Республики от 11 октября 2022 года РП № 197 (Об утверждении Положения об общественных приемных)Распоряжение · 11.10.2022 · № 197