Мырза-Аке айылдык кеңешинин «Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Батаевдин өтүнүч каты жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын)депуттарынын кезексиз XX сессиясы 2023-жылдын 17-февралы № 125 Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Батаевдин өтүнүч каты жөнүндө Мырза-Аке айылдык кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз XVII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 683 “Кыргыз Азиздер жана дүлөйлөр коомундагы көрүүсү жана угуусу боюнча майыптыгы бар адамдарга мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндөгү” токтомунун жетекчиликке алып “финансы,экономика,бюджет,экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелер боюнча » туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Батаевдин өтүнүч катынын негизинде Мырза-Аке айыл аймагындагы көрүүсү жана угуусу боюнча майыптыгы бар 61 (алтымыш бир ) жаран тазалык, таза суу коммуналдык кызматтарга төлөө акысынан 50 пайыз жеңилдик берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин орун басары Р.Эсенбаевге милдеттендирилсин.
Төрайым
Г.Жороева
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.