Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин «Кызыл-Кыя шаарынын Восток-2 кичи районундагы ИИН-8040400021832 номериндеги 3,0 га жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК га мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2024-жылдын 15-майы №38/147 Кызыл-Кыя шаарынын Восток-2 кичи районундагы ИИН-8040400021832 номериндеги 3,0 га жер тилкесин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК га мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги №126 тескемесин аткаруу максатында, шаардык кеңештин Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 13-майындагы № 50 протоколун жана Кызыл-Кыя шаарынын мэринин орун басары Ж.Курбановдун 2024-жылдын 8-майындагы № 01-8/1211 катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
Кызыл-Кыя шаарынын Восток-2 кичи районундагы ИИН-8040400021832 номериндеги 3,0 га жер тилкеси “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК га мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүлүп берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКга Кызыл-Кыя шаарынын Восток-2 кичи районуна ипотекалык үйлөрдү курууда социалдык объектердин: бала бакча, мектеп, балдар аянтчаларын куруу боюнча сунуш кат жөнөтүлсүн.
Ушул токтомдун 1-2-пункттарын аткаруу жана тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо жагы Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыковго жүктөлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Коммуналдык объектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Ж.Калматов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123
- Распоряжение Кабинета Министров КР от 5 апреля 2024 года N 126-р (Об утверждении перечня земельных участков, выделенных для строительства жилья в рамках реализации жилищной…Распоряжение · 05.04.2024 · № 126-р