Барскоон жергиликтүү кенешинин XXVIII чакырылышындагы 2 кезектеги сессиясынын « Жараксыз абалдагы колдонулбай турган автоунаалар жѳнүндѳ» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVIII чакырылышындагы Барскоон жергиликтүү кенешинин 2 кезектеги сессиясы
2024-жылдын 18-апрелиндеги № 13
Жараксыз абалдагы колдонулбай турган автоунаалар жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Асанбаевдин сунушун угуп, талкуулап, жергиликтүү кеӊеши
токтом кылат:
1. Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчиктеги “Мазда-626”, ВАЗ-2107” жараксыз абалдагы автоунааларды баалоо үчүн көз карандысыз эксперттерди чакыруу жагы сунушталсын.
2. Мүлктүн жараксыздыгы жөнүндө корутунду берилгенден кийин Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жѳнүндѳ” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы № 1-Б буйругу менен бекитилген Жобого ылайык, ишти жүзѳгѳ ашыруу жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Асанбаевге тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеӊешинин финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага М.Ибаков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.