Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Миң-Булак айылдык аймагынын айылдык кеңешинин «Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» токтому
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2022-жылдын 9-февралы №2 Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын жетинчи сессиясы, айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетинин долбоорун угуп, талкуулап чыгып токтом кылат:
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджетинин көлөмү киреше, чыгашасы менен 8318,2 миң сом суммасында баланс менен бекитилсин.
Киреше бөлүгү төмөнкү киреше булактарынын эсебинен түзүлсүн:
- Теңдөөчү грант --- 3558,0 миң сом,
- Иш берүү-р тараб.айлык акы-н
кармалуучу киреше салыгы --- 1617,3 миң сом,
- Патенттик негизде алынуучу киреше салыгы --- 196,3 миң сом,
- Кыймылсыз мүлктөн алынуучу салык ---- 7,7 миң сом,
- Транспорт ээлеринен алынуучу салык – 307,2 миң сом,
- Короо-жай жер салыгы – 109,5 миң сом,
- Айыл чарба жер салыгы – 425,1 миң сом,
- Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы ---46,5 миң сом,
- КБФнын ижара акысы ---- 528,7 миң сом,
- Жайыт жерлеринин ижарасы учун акы --- 191,8 миң сом,
- Калктуу конуштарда жер ижарасы учун акы --48,0 миң сом,
- Жер казынасын пайдалануу укугуна лицен.кармоо үчүн төлөм – 207,1 миң сом,
- Жайлардын ижара акысы (муницип.менчикте турган жайлар) –25,0 миң сом,
- Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым – 30,0 миң сом,
- Атайын каражат (б/бакча ата-энелер
төлөмү жана спонсордук жардам) --- 1020,0 миң сом. Чыгашалар бөлүгү 8318,2 миң сом өлчөмүндө төмөндөгү бөлүмдөр боюнча бекитилсин:
1. Башкаруу аппаратына – 3203,4 миң сом,
2. Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө ---200,0 миң сом,
3. Экономикалык маселелер бөлүмүнө – 187,9 миң сом,
4. ЖКХ бөлүмүнө -- 1562,6 миң сом,
5. Маданият бөлүмүнө – 898,8 миң сом,
6. Билим берүү бөлүмүнө – 948,5 миң сом,
7. Социалдык коргоо бөлүмүнө – 297,0 миң сом,
8. Атайын каражат ---1020,0 миң сом.
2. 2022-жылдын бюджетине белгиленген каржылоо чыгымдары биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча жумшалсын (эмгек акы, соц.фонд , коммуналдык чыгымдар ж.б.).
3. Жыл ичинде жергиликтүү киреше булактары бюджетте белгиленген суммадан ашык түшсө, ал суммага жараша бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жагы айылдык аймактык кеңештин сессиясына сунушталсын.
4. Бюджетти аткаруу процессинде зарыл учурда статьядан статьяга , кварталдан кварталга жылдыруулар айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде айыл өкмөтүнүн башчысынын токтому менен жүргүзүлсүн.
5. Бөлүмдөн бөлүмгө жылдыруу айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде, айылдык аймактык кеңештин сессиясынын токтомунун негизинде жүргүзүлүүсү сунушталсын.
6. 2021-жылдын жыйынтыгы менен чыгашадан ашкан кирешенин эсебинен 2022-жылга 2,0 миң сом өлчөмүндө кассалык жүгүртмө каражаттык запас түзүлүп, жыл ичинде керектүү учурларда пайдаланып кайра орду толукталып, жылдын этегине чейин эсептик счетто сакталсын.
7. 2022-жылга белгиленген бюджеттин эсебинен 200,0 миң сом өзгөчө кырдаал үчүн кол тийбес резерв катары пландаштырылсын.
8. Ошондой эле «КРнын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын» 21-статьясынын негизинде 2022-жылдын бюджетинин чыгаша көлөмүнүн
1 % ынын эсебинен 72900 сом айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлүп, айыл өкмөт башчысынын тескөөсүнө берилсин.
9. 2022-жылдын бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрүн Мыйзамдуулукта аткаруу, максатсыз жумшоолорго жол бербөө, казынадан сырткары чыгымдоолорго тыюу салуу милдеттери айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.
10. Бюджеттин киреше булактары болгон салык жана салык эмес төлөмдөрдү жыйноодо, өткөн жылдардан калган суммаларды (недоимкаларды) толук өндүрүүдө айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлерине катуу талап коюлсун, ошондой эле алардын ишине ар тараптуу жардамдар көрсөтүлсүн.
11. Салык Кодексинин 328-статьясынын негизинде унаа ээлеринен тийиштүү өлчөмдөгү салыктар алынсын.
Айыл чарба багытында эмес жер салыгын чегеруунун коэффициенти К1=1,034 болуп белгиленсин.
12. Ал эми мектептердин жыл ичиндеги (текущий) ремонтуна каражаттар республикалык бюджеттен камсыз болуп жаткандыгы эске алынсын.
13. КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302-токтомунун 1-пунктунда көрсөтүлгөндөй билим берүү уюмдарынын окуу жана тарбия иштерине байланыштуу чыгымдары билим берүү министрлиги аркылуу каржыланаары белгиленсин.
14. Жергиликтүү бюджетти колдоо ирээтинде республика тарабынан бөлүнгөн теңдештирүү гранттары коргоодогу статьялары (айлык акы,соц.фондго чегерүү ж.б.) жана коммуналдык чыгымдарды жабууга гана жумшалсын.
15. Айыл өкмөтүндөгү балдар бакчасынын атайын каражаттарын казыналыктан өткөрбөй туруп пайдаланууга тыюу салынсын. Тартип бузган учурда ал сумма 100% республикалык бюджетке алынаары жөнүндө мыйзамда көрсөтүлгөндүгү эскертилсин.
16. Жергиликтүү бюджеттин 2023-2024-жылдарга болжолу төмөндөгүдөй суммада белгиленсин.
а) 2023-жылга,бюджеттин көлөмү (киреше,чыгашасы менен) -8327,9 миң сом
анын ичинен: жергиликтүү салыктардын чегерүүсү - 3809,9 миң сом тендөөчү грант - 3558,0 миң сом атайын каражат - 960,0 миң сом
б) 2024-жылга,бюджеттин көлөмү (киреше, чыгашасы менен) - 8378,9 миң сом
анын ичинен: жергиликтүү салыктардын чегерүүсү - 3860,9 миң сом теңдөөчү грант - 3558,0 миң сом атайын каражат - 960,0 миң сом
17. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Т.Койчубаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.