Боз-Учук айылдык кенешинин «Боз-Учук айыл аймагынан 1000 чарчы метр жайыт жана бадалдар жайгашкан жер тилкелерин өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
БОЗ-УЧУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл областы Ак-Суу району Боз-Учук айылдык Кенешинин 28 чакырылышынын кезектеги 12- сессиясы
2022-жылдын 20-сентябрындагы № 28
Боз-Учук айыл аймагынан 1000 чарчы метр жайыт жана бадалдар жайгашкан жер тилкелерин өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы №45 “Жер Кодексинин” 4, 13-статьяларынын, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамынын 9-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” токтомунун 2-пунктуна ылайык Кадастр мамлекеттик мекемесинин Каракол-Ак-Суу филиалынын корутундусунун негизинде Боз-Учук айыл аймагына караштуу Сырт өрөөнүндөгү № 220- контурунан 1000 чарчы метр жайыт жана бадал жер тилкелерин, айыл чарба категориясындагы жайыт жана бадалдар жайгашкан жер тилкелерин өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга даярдалган материалдарды карап чыгып Боз-Учук айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1. Боз-Учук айыл аймагынын Сырт өрөөнүндөгү №-220- контурунан 1000 чарчы метр айыл чарба категориясындагы жайыт жана бадалдар жайгашкан жер тилкелерин өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Боз-Учук айыл аймагына караштуу Сырт өрөөүндөгү №-220- контурунан 1000 чарчы метр айыл чарба категориясындагы жайыт жана бадалдар жайгашкан жер тилкелерин өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которуп берүү жагы Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Бул токтом МКК жарыялагандан кийин Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн жана аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Орозбаковго жүктөлсүн.
Төрага
Б. Термечиков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 3 · cited by 0 · related 1
References (3)
- Земельный кодекс КРКодекс · 02.06.1999 · № 45 · No longer in force
- Закон «О переводе (трансформации) земельных участков»Закон · 15.07.2013 · № 145 · No longer in force
- Постановление Правительства КР от 19 марта 2014 года № 169 "Об утверждении Временного положения о порядке перевода (трансформации) земельных участков"Постановление · 19.03.2014 · № 169 · No longer in force
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- "Временное положение о порядке перевода (трансформации) земельных участков" (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 19 марта 2014 года №169)Временное положение · 19.03.2014 · № 169 · No longer in force