Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кара-Жал айылдык кеӊешинин «Кара-Жал айыл аймагындагы «Жаӊы-Арык» суу пайдалануучулар ассоцациясынын ирригациялык, дренаждык тутумдарын жана суу чарба курулмаларын муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
КАРА-ЖАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Жал айылдык кеӊешинин ХХIХ чакырылышынын кезексиз 7 - сессиясы 2022-жылдын 22-февралы № 10 Кара-Жал айыл аймагындагы «Жаӊы-Арык» суу пайдалануучулар ассоцациясынын ирригациялык, дренаждык тутумдарын жана суу чарба курулмаларын муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 2021-жылдын 10-декабрындагы № 151 мыйзамы менен толуктоо киргизилген Суу Кодексинин 161 беренесине ылайык, Кара-Жал айыл аймагындагы «Жаӊы-Арык-1214» суу пайдалануучулар ассоциациясынын Кеӊешинин №1-протоколунун жана зоналдык өкүлдөр жыйынынын № 2-протоколунун негизинде «Жаӊы-Арык-1214» суу пайдалануучулар ассоциациясынын дренаждык тутумдарын жана суу чарба курулмаларын Кара-Жал айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү маселесин карап, талкуулап чыгып, Кара-Жал айылдык Кеӊеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймактагы Жаӊы-Арык айылынын ирригациялык, дренаждык тутумдарын жана суу чарба курулмаларын муниципиалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
2. Ирригациялык курулмалары муниципалдык менчиктин объектиси катары реестрге киргизилсин.
3. Сугат сууну берүү боюнча маселелерди жергиликтүү маанидеги маселе катары чечүүгө чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен каржылоо, анын ичинде ирригациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акынын наркы субсидий катары берилсин.
4.Ирригацияны өнүктүрүү боюнча айыл аймактын ивестициялык программасы иштелип чыксын.
5. Токтом ММК жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы
С.К. Баракановго жүктөлсүн.
Төрага
Жумашов Р.О.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.