Жылалды айылдык кеңешинин «Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы мыйзамсыз курулуштардын жер аянттарын мыйзамдаштырып, калктуу конушка которууга (трансформациялоого) бекитип берүү жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XIII сессиясынын
2023-жылдын 02-мартындагы № 25
Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы мыйзамсыз курулуштардын жер аянттарын мыйзамдаштырып, калктуу конушка которууга (трансформациялоого) бекитип берүү жөнүндө Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезексиз XIII сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Өзгөн районундагы жер мунапысы боюнча иш алып барган комиссиянын корутундусунун негизинде, Жылалды айыл өкмөтүнүн аймагындагы мыйзамсыз курулуштардын жер аянттарын мыйзамдаштырып, калктуу конушка которууга (трансформациялоого) бекитип берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Өзгөн районундагы жер мунапысы боюнча иш алып барган комиссиянын корутундусунун негизинде, Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылындагы №341, №409, №698, №966, №356, №357, №699, №391, №393, №707, контурларда көп жылдан бери мыйзамсыз турак жай үй куруп жашап жаткан жалпы 17 жаранга жер аянтарын 0,06 гадан, №746 контурда көп жылдан бери мыйзамсыз турак жай үй куруп жашап жаткан жалпы 7 жаранга жер аянтарын 0,05 гадан, Красный-Маяк айылындагы №853, №849, №848, №903, №902, №563, №813, №912, №857 контурларда көп жылдан бери мыйзамсыз турак жай үй куруп жашап жаткан жалпы 14 жаранга жер аянтарын 0,07 гадан, Красный-Маяк айылындагы Алибай участкасындагы №803, №542, №802 контурларда көп жылдан бери мыйзамсыз турак жай үй куруп жашап жаткан жалпы 8 жаранга жер аянтарын 0,08 гадан, Жылалды айылында №426, №420 контурларда көп жылдан бери мыйзамсыз турак жай үй куруп жашап жаткан жалпы 4 жаранга жер аянтарын 0,08 гадан, Кальта айылындагы №77 контурда көп жылдан бери мыйзамсыз турак жай үй куруп жашап жаткан жалпы 1 жаранга жер аянтарын 0,08 гадан, №253 контурда көп жылдан бери мыйзамсыз турак жай үй куруп жашап жаткан жалпы 6 жаранга жер аянтарын 0,06 гадан, Кальта айылы Кара-Мия участкасындагы №14 №9, №31, №11, №23, №29, №2, №6, №3756, №3754, №3728, №3729, №3730, №22 контурларда көп жылдан бери мыйзамсыз турак жай үй куруп жашап жаткан жалпы 22 жаранга жер аянтарын 0,08 гадан, жалпысы 5,51 га жер аянтын мыйзамдаштырып, калктуу конушка которууга (трансформациялоого) бекитип берилсин.
2. Суралсын Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан жогорудагы көрсөтүлгөн контурлардагы жалпы аянты 5,51 га жер аянттын калктуу конушка которууга (трансформациялоого) бекитип берүү жагы.
3. Суралсын Өзгөн райондук архитектура жана шаар куруу боюнча ишканасынан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастр” мекемесинин Өзгөн районундагы филиалынан жер участокторун которуу (трансформациялоо) үчүн тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:
М.Акназаров
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.