Жылалды айылдык кеңешинин «2023-жылдын 4-айына карата айылдар арсында калктын ичүүчү таза суу менен камсыз болушу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын
2023-жылдын 04-апрелиндеги № 31
2023-жылдын 4-айына карата айылдар арсында калктын ичүүчү таза суу менен камсыз болушу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө Жылалды айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектүү XIV сессиясынын күн тартибиндеги айыл башчылар А.Сарыковдун, Марат уулу Ибрагимдин, С.Боржуеванын, Г.Бектемированын 2023-жылдын 4-айына карата айылдар арсында калктын ичүүчү таза суу менен камсыз болушу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө 28.03.2023-жылдагы маалыматтарын, айылдык кеңештин социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын 29.03.2023-жылдагы корутундусун угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1999-жылдын 25-марты №33 ичүүчү суу жөнүндө (Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 29-сентябрындагы №81, 2003-жылдын 28-июнундагы №118, 2009-жылдын 20-июлундагы №240, 2011-жылдын 12-ноябрындагы №206, 2012-жылдын 10-октябрындагы №170, 2014-жылдын 18-июлундагы №144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) III бөлүмдүн ичүүчү суунун сапатын камсыз кылуу жана ага контролдук жүргүзүү боюнча 14-статьясынын негизинде, 2023-жылдын 4-айына карата айылдар арсында калктын ичүүчү таза суу менен камсыз болушу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө А.Сарыковдун, Марат уулу Ибрагимдин, С.Боржуеванын маалыматтары канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык маселелер, гендер жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы:
М.Акназаров
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 7 · cited by 0 · related 0
References (7)
- Закон «О питьевой воде»Закон · 25.03.1999 · № 33
Showing 1 of 7. The full list is in the links panel.