Кара-Булак айылдык кеңешинин «Инвестицияларды жана гранттарды тартуу жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXVII-сессиясы
2024-жылдын 12-апрели № 60 Инвестицияларды жана гранттарды тартуу жөнүндө 2023-жылга инвестицияларды жана гранттарды тартуу боюнча аткарган иш аракеттери жана 2024-жылга коюлган иш пландары тууралуу Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Мансуровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
2023-жылга карата Кара-Булак айыл аймагына инвестицияларды жана гранттарды тартуу боюнча аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2024-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген иш- чараларын ишке ашырууга кошумча инвестицияларды жана гранттарды тартуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага
К.Шакиров
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 0 · cited by 1 · related 0
Plenum guidance and court practice (1)
Supreme Court Plenum resolutions and Constitutional Court decisions that apply this act.
- С. А. Матцаковдун жана К. Э. Осмоновдун кайрылууларына байланыштуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз…Constitutional Court decision · Решение Конституционного суда · 29.01.2025