Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Ак-Татыр айылдык кеңешинин «Жер участокторун которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндө» токтому
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2024-жылдын 31-январы № 10 Жер участокторун которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексине” Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамына, 2020-жылдын 26-декабрындагы №12 Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 7-беренесинин негизинде карап талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы Токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн түндүк-батыш тарабынан Боз-Шубак участкасынан мамлекеттик менчикте турган асылдуулугу төмөн жайыт жерин, аскер кызматкерлерине жалпысынан 2850 гектар жер аянтын машыгуу полигонун (учебный полигон) уюштуруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан, “Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуштурууга (трансформацияга) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди толуктап бүтүрүү жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациядан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Татыр айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектуура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга жана комиссия төрагасы Нарзилла уулу Мунарбекке жүктөлсүн.
Төрага:
Ысаков С.Б.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Закон «О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам поддержки инвестиций»Закон · 26.12.2020 · № 12