Бешик- Жон айылдык кеңешинин “Бешик-Жон айыл аймагындагы мамлекеттин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери жөнүндө” токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
БЕШИК- ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Бешик- Жон айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXX III сессиясынын 2023-жылдын 29-декабры № 10 “Бешик-Жон айыл аймагындагы мамлекеттин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери жөнүндө” Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясы мамлекеттин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери ижарага жөнүндө Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовдун сөзүн угуп жана талкуулап ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагынын карамагындагы КБФ жерлери сугарма жер аянттары гектарына 6000 (алты миң) сом, кайракы жер аянты гектарына 1000 (миң) сом деп белгиленсин.
2. Бешик-Жон айыл аймагында жайгашкан Базар-Коргон райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгына өткөрүлүп берилген жер аянттарынын ижара акысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 жана 2022-жылдын 9-сентябрындагы №494 токтомдоруна ылайык белгиленсин.
3. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовко милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча ” туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык кеңешинин төрагасы:
А.Чолпонбаев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Постановление Кабинета Министров КР от 17 декабря 2021 года № 309 "О развитии сельскохозяйственных кооперативов, семенных и племенных хозяйств"Постановление · 17.12.2021 · № 309
- Постановление Кабинета Министров от 9 сентября 2022 года № 494 "О внесении изменений в некоторые решения Кабинета Министров Кыргызской Республики в сфере регулирования…Постановление · 09.09.2022 · № 494