Бүргөндү айылдык кеңешинин «Бүргөндү айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Г. Шадыканованын кайрылуусун кароо жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМУ Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
2023-жылдын 11-майындагы № 12
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Г. Шадыканованын кайрылуусун кароо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 22.04.2022-жылдын ПЖ №126 сандуу жарлыгынын негизинде 2023-жылдын 3-4-майда райондук деңгээлде Манас айтуу кароо сынагына айыл өкмөт аймагындагы мектептердин окуучуларын жана мугалимдерин катышуусун камсыз кылуу максатында айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Г. Шадыканованын кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Г. Шадыканованын кайрылуусу эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 22.04.2022-жылдын ПЖ №126 сандуу жарлыгынын негизинде 2023-жылдын 3-4-майда райондук деңгээлде Манас айтуу кароо сынагына айыл өкмөт аймагындагы мектептердин окуучуларын жана мугалимдерин катышуусун камсыз кылууга керектелген акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы З. Арстанбековко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовго милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары:
А.К.Кубатбеков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 1
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.