Багыш айылдык кеңешинин 2023-жылдын 05 октябрындагы № 1 “Кыргыз Республикасынын Президентинин административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү жана андан аркы чаралар жөнүндө” ПЖ № 350 жарлыгы жөнүндө» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Эл депутаттарынын багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XXIV-сессиясы
2023-жылдын 05 октябрындагы № 1 “Кыргыз Республикасынын Президентинин административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү жана андан аркы чаралар жөнүндө” ПЖ № 350 жарлыгы жөнүндө
Багыш айыл ѳкмѳтү тарабынан кириш №01-15/684 25.09.2023-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн ѳркүндѳтүү жана региондорду ѳнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жѳнүндѳ” ПЖ №350 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн 2023-жылдагы 22-августундагы №198-б буйругунун жана Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 19-сентябрындагы №228-б сандуу буйруктарынын негизинде Ленин айыл ѳкмѳтү Багыш айыл ѳкмѳтүнѳ биригип жаткандыктан сессияда карап, тиешелүү чечим чыгарып берүү жѳнүндѳ”кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук чечимин Багыш айылдык кеңештин депутаттары угуп, талкуулап токтом кылат:
1. Багыш, Ленин айыл өкмөттөрүн бириктирүүгѳ макулдук берилсин.
2. “Багыш” айыл ѳкмѳтү деп аталсын, борбору Багыш айыл өкмөтүнүн Октябрь айылы Багыш айыл ѳкмѳтүнүн имараты болсун деп сунушталсын.
3. Токтомдун аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Самидиновго жүктөлсун.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын ѳзүмѳ калтырам.
Төрага
Ж.Сейдахматов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 1
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.