Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин «Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуу (трансформациялоо) жөнүндө» токтому
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2024-жылдын 14-февралы № 3
Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
“Жашыл энергетика фондунун” жазган кайрылуусуна ылайык энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу максатында чакан ГЭС куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы №62 “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамынын 9-беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Убактылуу жобону жетекчиликке алып, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 43-сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу максатында кубаттуулугу 28 МВт чейин өндүрүлүүчү суу электростанциясын куруу үчүн Кара-Суу айылдык аймагынын административдик чегинде жайгашкан Түз-Ашуу участогунун №10 чөйрө сызыгындагы 3,7 га башкы суу топтоочу жай, жалпы аянты 31,8 га жерлерден суу түтүгүн алып өтүү үчүн “Запастагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жагы каралды.
2. “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамынын 9-беренесинин 6-пунктуна ылайык, жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө токтому жана жерге жайгаштыруу көктөмөсү Талас райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Түз-Ашуу жолдору төргө чейин оңдоп түзөө иштери жүргүзүлсүн.
4. Курулуш иштери башталганда жумуш ордуларына Кара-Суу айыл тургундарынан жумушчулар алуу жана соц.пакет жагы каралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.
Төрага
Р.Биримкулов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 3 · cited by 0 · related 0
References (3)
- Указ Президента Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года УП № 62 "О вопросах передачи земель, предназначенных для использования возобновляемых источников энергии"Указ · 23.03.2023 · № 62
- Закон «О переводе (трансформации) земельных участков»Закон · 15.07.2013 · № 145 · No longer in force
- Постановление Правительства КР от 19 марта 2014 года № 169 "Об утверждении Временного положения о порядке перевода (трансформации) земельных участков"Постановление · 19.03.2014 · № 169 · No longer in force