Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Каргалык айылдык кеңешинин «“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндөгү типтүү жобонун” негизинде Каргалык айыл өкмөтүндөгү арендада турган жерлерди тактап жана мөөнөтү бүткөн жерлер боюнча маалымат берүү жөнүндө” токтому
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги XXVI сессиясынын
2024-жыл 1-февралы №5
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндөгү типтүү жобонун” негизинде Каргалык айыл өкмөтүндөгү арендада турган жерлерди тактап жана мөөнөтү бүткөн жерлер боюнча маалымат берүү жөнүндө” Каргалык айыл өкмөтүнүн жер жана турак-жай боюнча баш адиси У.Матиевдин жогоруда көрсөтүлгөн Жобонун негизинде иш жүргүзүп жаткандыгы боюнча маалыматын жана Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы “Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасынын М.Жээналиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги ХХVI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндөгү типтүү жобонун” негизинде Каргалык айыл өкмөтүндөгү арендада турган жерлер жана мөөнөтү бүткөн жерлер боюнча Каргалык айыл өкмөтүнүн жер жана турак-жай боюнча башкы адиси У.Матиевдин маалыматы угулгандыгы белгиленсин.
2. Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагында мамлекеттик фондго тиешелүү 1107 гектар жери бар экендиги белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жөнүндөгү” 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтомуна ылайык Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик фондунун 50 пайыз жери райондук департаменттин башкаруусуна берилгендиги белгиленсин.
4. Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаев тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтомуна ылайык бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобосунун” 3 - бөлүмүнүн 21 жана 23-пункттары эске алынбай, жер комиссиясына өзгөртүү, толуктоолорду киргизбей, жер комиссиясын түзбөй келгендиги жана ижарага жер берүүдө жер комиссиясы жок берилип келгендиги белгиленсин.
5. Жогорудагы 4-пунктта айтылган кемчиликтерди жоюу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Жарбашовго жүктөлсүн.
6. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.gov.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомду аткаруу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Жарбашовго милдеттендирилсин.
8. Бул токтомду көзөмөлдөө “Өнөр жай, курулуш, транспорт, жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевге тапшырылсын
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы:
Т.И. Токтоболотов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Постановление Правительства КР от 22 июня 2007 года № 243 "О Типовом положении об условиях и порядке предоставления в аренду земель Фонда перераспределения сельскохозяйственных…Постановление · 22.06.2007 · № 243
- Постановление Кабинета Министров КР от 17 декабря 2021 года № 309 "О развитии сельскохозяйственных кооперативов, семенных и племенных хозяйств"Постановление · 17.12.2021 · № 309