Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Жаңы-Тилек айылдык клубуна Рыскулов Калмурат Бекжаналиевичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө» № 9/2 токтому
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Бүргөн айылдык Кеңешинин кезексиз VII чакырылышынын IX сессиясы
2024-жылдын 8-февралы № 9/2
Жаңы-Тилек айылдык клубуна Рыскулов Калмурат Бекжаналиевичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө.
Рыскулов Калмурат Бекжанаалиевич 1974-жылы Ак-Талаа районуна караштуу Ак -Кыя айылында кызматкердин үй бүлөсүндө туулган. Атасы Рыскулов Бекжанаалы авто инспектор кызматында иштеп жүрүп, 1975-жылы автокырсыктан каза болгон. Калмурат бир жашында бир туугандары Бактыгүл, Гулмурат, Керээз аталарынан ажырап калышат. Андан сон таятасы Ак-Талаа районуна караштуу Жаны-Тилек айылына көчүрүп келип, там салып берет. Калмураттын балалык кези Жаңы-Тилек айылында өтөт. 1981-жылы Жаңы-Тилек орто мектебине 1-класска кирип, ушул эле мектепти 1991-жылы аяктайт мектепте эң алдыңкы окуучулардын катарында болуп райондук, облустук, республикалык конкурстарга катышып алдынкы орундарга ээ болуп турган. Бала кезинен эле комузга шыгы ойгонуп, ар кандай маданий иш чараларга катышып турган. 1991-жылы Бишкек шаарындагы кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетине тапшырган. Студент кезинде обончулук шыгы ойгонуп “Көктөм эле”, “Адамдарга кайрылуу”, “Ѳкүт ыры” “Ата Журт”, “Азаттык ыры” жана башка көптөгөн обондордун ээси болгон. Жаш обончу жаштардын тобунан түзүлгөн “Нур борбор” коомдук борборунун “Жаш обончулар” ийриминин жетекчиси “Ала-Тоо таншыйт” сыйлыгын ээси. Ырларын белгилүү аткаруучулар С. Балтаева , К. Кубатов, С. Садыкова, Т. Асаналиев, М. Чобиевдер аткарышат. Учурда Калмураттын чыгармалары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-август №111 токтомуна ылайык кыргыз патентке катталып патенттелген. Ак-Талаа райондук музейинде алган сыйлыктары, сүрөттөрү, статуеткалары орун алып сакталып турат. Калмурат Рыскуловдун “Ѳкүт ыры” жана “Мен тирүүмдө кечикпе” аттуу демөөрчүлөр тарабынан чыгармачыл үзөнгүлөштөрү менен биргеликте обондуу ырлары, эскерүүлөрү, эсселер республикалык басма сөздөргө берген маектери топтолгон китептери жарык көргөн. К. Рыскулов аз жашаса да саз жашап эли-журтуна, музыка дүйнөсүнө мыкты мурастарды калтырып кетти. 2005-жылы 3-октябрда бул дүйнөдөн көзү өткөн. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамы менен жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө" Жобонун негизинде Кара-Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеӊеши ТОКТОМ кылат:
1. Жаңы-Тилек айылдык клубу “Калтурат Рыскулов атындагы клубу деп аталсын.”
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Айылдык кеӊешинин төрагасы
Б. Кемелов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Постановление Правительства КР от 19 августа 2008 года № 467 "О Межведомственной комиссии по рассмотрению вопросов административно-территориального устройства и географических…Постановление · 19.08.2008 · № 467 · No longer in force
- Постановление Кабинета Министров КР от 5 августа 2021 года № 111 "О вопросах Государственного агентства интеллектуальной собственности и инноваций при Кабинете Министров…Постановление · 05.08.2021 · № 111 · No longer in force