Ак-Терек айылдык кенешинин Эл депутаттарынын VII – чакырылышынын XXVII – сессиясынын «Ак-Терек айыл аймагындагы клубдарга штаттык бирдик ачуу жѳнүндѳ» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
АК ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Эл депутаттарынын VII – чакырылышынын XXVII – сессиясынын 2024-жылдын 29-январы №7
Ак-Терек айыл аймагындагы клубдарга штаттык бирдик ачуу жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн каржы бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевдин билдирүүсү угулуп, талкууланып, Ак-Терек айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагындагы Ала-Баш, Дѳӊ-Талаа, Комсомол, Кызыл-Туу айылдарынын клубдарына Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы №545 токтомунун негизинде, кароолчу менен тазалыкты сактоочу кызматкерди бириктирип бирден штаттык бирдик ачылсын.
2. Ак-Терек айыл аймагындагы Кара-Коо айылындагы К.Исаков атындагы Маданият үйүнѳ маданий-массалык иш чараларды уюштуруучу штаттык бирдик ачылсын.
3.Токтомду аткаруу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономикалык бѳлүмдүн башчысы К.Абдыраевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрагасы Э.Т. Үсѳновго милдеттендирилсин.
Төрага А.А. Мамбетов Жооптуу катчы М.Б. Эсеналиева
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.