Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Лейлек айыл аймагындагы селден жабыркап көчүрүүгө муктаж болгон жана турак-жай салууга арыз берген жарандарды жер тилкеси менен камсыздоо үчүн түзүлгөн (Лейлек айылдык кеңешинин токтому менен бекитилди) программасы
Лейлек айылдык кеңешинин депутаттарынын 2022-жылдын 28-февралындагы 6-сессиясынын №6/11 токтому менен бекитилди
Лейлек айыл аймагындагы селден жабыркап көчүрүүгө муктаж болгон жана турак- жай салууга арыз берген жарандарды жер тилкеси менен камсыздоо үчүн түзүлгөн ПРОГРАММАСЫ Лейлек айыл аймагында калктын санынын жылдан жылга көбөйгөнүнө байланыштуу, бир үйдө 3-4 кожолуктан үй-бүлөлөр жашоо тиричилигин өткөрүп келүүдө. Азыркы мезгилде турак-жай салуу үчүн жер алууга кезекте турган жарандардын саны айыл өкмөтү боюнча 937 адамга жеткен. Ошондой эле, 2021-жылдын 19-июлунда жана 3-6-августунда мөндүр аралаш жааган жаандан сел кетип, айыл аймагынын Ак-Терек айылынын тургундарынын турак үйлөрүнө, чарбалык курулмаларына сел кирип жашоого жараксыз болуп калган. 2018-жылы да Коргон, Ак- Терек, Чоюнчу жана Кара-Суу айылдарында кеткен селдин кесепетинен жабыр тарткан жарандар бар. Ошол себептен селден жабыр тарткан жарандарды кооптуу жерде турган үйлөрүнөн коопсуз жайга көчүрүү маселеси зарыл болууда. Бир үйдө 3-4 кожолуктан жашаган үй-бүлөлөр арасында кээ бир учурларда кандайдыр бир себептер менен пикир келишпестиктер жаралып, үй-бүлөлөр арасында кичи жаңжалдар да чыккандыгы катталууда. Ошол себептен айыл тургундарынын арыз даттанууларын чечүү максатында, айыл өкмөтү жалпы жамааттын жыйындарда берген сунуштарын эске алып, төмөндөгү жерлердин генпландарын түздүрүп, Лейлек айылдык кеңешине, райондук жана облустук мамлекеттик администрациясына, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине сунуштады. Лейлек айыл аймагынын Коргон, Кара-Суу, Ак-Терек айылдарында 2018-жылдагы жана 2021-жылдын 19-июлунда мөндүр аралаш катуу жааган жаандын кесепетинен жабыр тарткан жарандарды коопсуз жайга көчүрүүгө ошондой эле, Лейлек айыл аймагынын Коргон, Чоюнчу, Ак-Терек, Кара-Суу жана Лейлек айылдарынын тургундарынын жер участок алуу боюнча берген арыздарын канааттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын 2013- жылдын 15-июлундагы №145 Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014- жылдын 19-мартындагы №169 Жер участокторду которуу (Трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү убактылуу жобого ылайык, жалпы 23,40 га жерди айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуштун жерлери категориясына которууга сунушталды. Анын ичинен: Лейлек айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу айылынын Сырт участогундагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун кайрак айдоо жеринин №71 контурунан 2,70га, №75 контурунан 1,90га, №76 контурунан 0,40 га, № 78 контурунан 2,70га, №83 понтурунан 1,00га, №82 контурунан 0,70га жер. Жалпы 9,40га жер. Кара-Суу айылынын Сырт участогундагы мамлекеттин менчигинин жайыт жеринин №:63 контурунан 1,80га, №69 контурунан 4,30га, №70 контурунан 0,80га, №72 контурунан 1,20га, №77 контурунан 50га, №79 контурунан 0,40га, №80 контурунан 2,7га, №84 контурунан 2,30га, Жалпы 14,00 га жер. Лейлек айыл аймагы боюнча жалпы 23,40 га. Сунушталган жердин которуштуруу иштери бүткөндөн кийин, биринчи кезекте -көчүрүүгө зарыл болгон жарандарды көчүрүп, калганына кезекте турган жарандарга берүү пландалууда. Ошондой эле, калктуу конушка берилген жердин 3 жеринен, жер астынан скважинадан агын суу суу чыгарылып, соц. объктилерди курууга, жолдорду салууга калтырылган жерлер генпланда көрсөтүлгөн. Күнүмдүк чыгарылуучу таштандыларды таштоочу жай, конуштан 1-2 км алыстыктагы Күнгөй участогунан 1 га жер ажыратылып, айланасы тосулуп пайдаланууга берилген. Турак-жай салуу үчүн жер тилкесин берүүгө 0,10 га дан жер берүү сунушталат. Которуштурууга берилген жердин ичинде мурда курулган суу түтүктөрү, жогору чыңалуудагы электр чубалгылары тартылган эмес. Айлана-чөйрөнүн бузулушуна жол бербөө иштери эске алынган. Археологиялык баалуулуктар жок экендиги такталды.
Лейлек айыл өкмөтүнүн башчысы:
И. Ж. Райимбердиев
Лейлек айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы:
И. А. Жолдошов
Лейлек айыл өкмөтүнүн жер адиси:
А. М. Исманов
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 1
References (2)
- Закон «О переводе (трансформации) земельных участков»Закон · 15.07.2013 · № 145 · No longer in force
- "Временное положение о порядке перевода (трансформации) земельных участков" (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 19 марта 2014 года №169)Временное положение · 19.03.2014 · № 169 · No longer in force
Related documents (1)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.