Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Жер тилкелерин ижарага берүү ” жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясынын
2024-жылдын 2-февралы №18-5
“Жер тилкелерин ижарага берүү ” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүңдө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы №244 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө Жобосуна ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн №01-6/81 31-январь 2024-жылдагы кайрылуу катынын негизинде айылдык кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасын угуп, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагында кирпич чыгаруучу заводдордун, таш майдалоочу заводдордун жана асфальт-бетон чыгаруучу заводдордун иш аракетине байланыштуу топурак карьерлеринен топурак казып алуу 1 га жер аянтынан ижара акысы 1 жылына 170 000 (Бир жүз жетимиш миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Мыйзам чегинде аянттарын тактоо, ижарага берүү жагы айыл өкмөт башчысы М. Омурзаковго милдеттендирилсин.
3. Токтомду ишке ашыруулусун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага:
Т. Джороев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.