Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Тамга айыл аймагынын тамга айыл кенешинин «2024-жылга Тамга айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн бюджетин бекитүү, 2025-2026-жылдардын долбоорун жана 2023-жылдагы бюджеттин аткарылышы жѳнүндѳ» токтому
ТАМГА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ XXVIII чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
2024-жылдын 19-январы № 1 2024-жылга Тамга айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн бюджетин бекитүү, 2025-2026-жылдардын долбоорун жана 2023-жылдагы бюджеттин аткарылышы жѳнүндѳ 2024-жылга Тамга айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн бюджетин бекитүү, 2025-2026-жылдарга долбоорун жана 2023-жылдагы бюджеттин аткарылышы жѳнүндѳ Тамга айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономика бѳлүмүнүн башчысы М.М.Байтерековдун жана финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы А.Сыдыковдун кошумча маалыматтын угуп талкуулап чыгып, Тамга айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги I- сессиясы токтом кылат:
1.Тамга айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы бекитилсин.
2. 2024-жылга айыл аймактын айыл ѳкмѳтүнѳ келип түшкѳн кирешелер жана чыгашалар № 1 тиркемеге ылайык 38096,3 миң сом, атайын каражат 1356,3 миң сом, баардыгы 39452,6 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
3.Жергиликтүү бюджеттен 2024-жылга келип түшүүчү кирешелердин кѳлѳмү № 2-тиркемеге ылайык 39452,6 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
4. 2025-жылга бюджеттик долбоору № 3-тиркемеге ылайык 41078,9 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
5. 2026-жылга бюджеттин долбоору № 4 тиркемеге ылайык 43552,1 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
6. Жергиликтүү бюджетке 2024-жылга жайыт акысынан келип түшүүчү киреше жана чыгашалар 300,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
7. 2024-жылы ѳзгѳчѳ кырдаалдар учуруна каралган бюджеттин 400,0 миң сомдон пайдаланылбай калса башка беренелерге жумшалсын.
8. Спорт оюндарына 600,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
9. Айылдык кеңештин тѳрагасынын эмгек акысы жыл ичинде ѳткѳргѳн он алты сессияга 6500 сом жана социалдык камсыздандыруу фондусуна 1121 сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
10.2024-жылдын 1-кварталына (административдик-аймактык реформаны эске алуу менен) жергиликтүү бюджетинен эмгек келишимдин негизинде, иш кагаздарын алып баруучу адисин алуу үчүн эмгек акыга 44,3 миң сом, социалдык тѳлѳмдѳргѳ 4,0 миң сом баардыгы 48,3 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
11. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн “Социалдык чѳйрѳ мекемелериндеги тамак-аштын акчалай нормалары жѳнүндѳ” 2008-жылдын 15-январындагы № 7 токтому менен бала-бакчада 9-10,5 саат болуучу үчтѳн жети жашка чейинки балдарга тамак-аштын акчалай нормасы бир күнгѳ 18 сом деп аныкталган, бирок тамак-аш азык-түлүктѳрдүн баасы ѳсүп жаткандыгына байланыштуу, айылдык кеңешинин депутаттары карап жана талкуулап чыгып акчалай нормасын бир күнгѳ 18-сомдон 30 сомго кѳтѳрүлүп айылдык кеңештин № 5 токтому менен бекитилген. 2024-жылдын бюджетинде тамак-аштын нормасы бир күнгѳ 30 сом боюнча калтырылсын.
12. Жергиликтүү бюджетке киреше салыгы боюнча нормативдик чегерүүлѳрдүн 85 пайыз ѳлчѳмү айыл аймактарына калтыргандыктан менчиктин баардык түрлѳрүндѳгү ишканалардан, уюмдардын пайдасынан, атуулдардын кирешелеринен, юридикалык тараптардын алынуучу жер салыктардан, жерди кайра бѳлүштүрүү фондусунан алынуучу ижара акыдан, юстиция органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик пошлинадан жергиликтүү бюджетке чегерүүлѳрдүн ѳлчѳмү № 1 тиркемеде кѳрсѳтүлсүн.
13. 2023-жылдан калган карыздар 2024-жылдын бюджетинен чектелген чыгымдардын эсебинен жабылсын.
14. Айыл аймактын айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинде каралган кирешелердин жана жыл ичинде болуучу чыгымдардын иш чаралары толук ѳз багытында, акча каражаты 100,0 миң сомдон жогору болсо айыл аймактын айыл кеңешинин токтомунун негизинде үзгүлтүксүз түрдѳ ишке ашыруу, айыл ѳкмѳттүн финансы-экономикалык бѳлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
15. 2024-жылдын бюджетине түшкѳн кирешелер биринчи кезекте корголгон беренелерди каржылоого жумшалсын.
16. Айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын резервдик фондусу 390,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
17. Жергиликтүү бюджетке келип түшкѳн атайын каражаттарын казынадан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын, казынадан тышкары пайдаланылган каражаттар болсо тиешелүү деңгээлде ѳндүрүлүп бюджетке алынышы айыл ѳкмѳтүн финансы-экономикалык бѳлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
18. Каржы Министрлигинен жыл ичинде бекитилген «Байчечекей» жана «Бугу Эне» мектепке чейинки билим берүү уюмунун мекемелеринин тамак-аш чыгымдарына атайын каражаттан 1391,3 миң сом ѳлчѳмүндѳ акча каражаты бекитилсин.
19. 2024-жылга бекитилген бюджеттин чыгымдар бѳлүгү жыл ичинде муктаждыктарга карата кварталдан кварталга, статьядан статьяга, классификациядан классификацияга айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын буйругу менен которууга мүмкүндүк берилсин.
20. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысына жана депутаттардын бюджеттик туруктуу комиссинын тѳрагасына жүктѳлсүн.
21. Токтом 2024-жылдын 1-февралынан баштап күчүнѳ кирсин.
22. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу агенттигининрасмий веб-сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
23. Токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы Тамга айылдык аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы Т.Баямановго жана депутаттардын бюджеттик туруктуу комиссиянын тѳрагасына жүктѳлсүн.
Тѳрага А.А. Букаров
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Постановление Правительства КР от 15 января 2008 года № 7 "О денежных нормах питания в учреждениях социальной сферы"Постановление · 15.01.2008 · № 7