Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИнин «Сулайманов Анарбек Бузурманкуловичтин Боо-Терек айыл аймагындагы жеке менчигинде турган бордоку мал семиртүүчү кашар сарайынын жанында жайгашкан түндүк жагындагы айланасын, тагыраагы №730, №731 контурундагы аянты 1.65 га жайыт жерди 7 жылдык мөөнөткө жашылдандырууга бөлүп берүү жөнүндө» токтому
This document has been repealed
This document is marked as «Утратил силу» in the registry. Do not cite it in current documents without checking the current edition. The current edition is dated 2024-01-23.
Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин 2024-жылдын 23-январындагы № 7 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2023-жылдын 14-ноябры. №5
Сулайманов Анарбек Бузурманкуловичтин Боо-Терек айыл аймагындагы жеке менчигинде турган бордоку мал семиртүүчү кашар сарайынын жанында жайгашкан түндүк жагындагы айланасын, тагыраагы №730, №731 контурундагы аянты 1.65 га жайыт жерди 7 жылдык мөөнөткө жашылдандырууга бөлүп берүү жөнүндө.
Сулайманов Анарбек Бузурманкуловичтин Боо-Терек айыл аймагындагы жеке менчигинде турган бордоку мал семиртүүчү кашар сарайынын жанында жайгашкан түндүк жагындагы айланасын, тагыраагы №730, №731 контурундагы жайыт жерди 7 жылдык мөөнөткө жашылдандырууга бөлүп берүү жөнүндөгү 2023-жылдын 10-майындагы №01-9/12 кириш сандуу арызын карап жана айылдык Кенештиндепутаттарынын «Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология» боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 3-августундагы №11 чыгыш сандуу протоколун талкуулап жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы №306 токтому менен бекитилген “Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндөгү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-сентябрындагы №510 токтому менен бекитилген редакциясына ылайык) ЖОБОсун” жетекчиликке алып жана айылдык Кеңештин депутаттарынын жергиликтүү бюджетти көбөйтүү ошондой эле экологияны коргоо жөнүндөгү сунуштарын угуп, карап чыгып, талкуулап Боо-Терек айылдык жергиликтүү өз алдынча башкаруу Кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сулайманов Анарбек Бузурманкуловичке, Боо-Терек айыл аймагындагы жеке менчигинде турган бордок мал семиртүүчү кашар сарайынын жанында жайгашкан түндүк жагындагы айланасын, тагыраагы №730, №731 контурундагы аянты 1.65 га жайыт жер тилкеси 7 (жети) жылдык мөөнөткө жашылдандырууга бөлүнүп берилсин.
1. Сулайманов Анарбек Бузурманкулович менен айыл өкмөтүнүн ортосунда келишим түзүү жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Түзүлгөн келишимде, Сулайманов Анарбек Бузурманкулович тарабынан 16500 (Он алты миң беш жүз) сом акча каражаты 2024-жылдын 1-январынан тартып милдеттүү түрдө ар жыл сайын өз убагында кечиктирилбей Боо-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине төлөөнөрү белгиленсин.
4. Жашылдандырууга берилген жер тилкесинин 7 (жети) жылдык мөөнөтү бүткөн соң Сулайманов Анарбек Бузурманкуловичке кайрадан пайдаланууга мөөнөтү узартылып берилери же жеке менчигине өткүрүлүп берилери эске алынсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агентигинин алдындагы“Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу мамлекеттик долбоорлоо институтунун Мамлекеттик ишканасынын алдындагы Талас жерге жайгаштыруу экспедициясынан тиешелүү иш кагаздарын алуу жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата району боюнча филиалына Боо-Терек айыл өкмөтү тарабынан Сулайманов Анарбек Бузурманкуловичке пайдаланууга Мамлекеттик АКТ күбөлүгүн алуу үчүн уруксат берүү жөнүндөгү ченемдик уруксат актысы даярдалып берилсин.
7. Аталган жер тилкеси жашылдандырылып, мөмө-жемиш түшүмүн бергенден кийин, жайыт жер категориясынан айыл чарба өндүрүштүк жана багбанчылык категориясына которуу жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына жана жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча башкы адисине милдеттендирилсин.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештиндепутаттарынын «Жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология» боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Мамыралиев А.
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 2 · cited by 0 · related 0
References (2)
- Постановление Правительства КР от 17 июня 2008 года № 306 "Об утверждении Положения о порядке предоставления малопродуктивных сельскохозяйственных угодий для освоения и ведения…Постановление · 17.06.2008 · № 306
Showing 1 of 2. The full list is in the links panel.