Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Миң-Куш айыл аймагында мүлк салыгын киргизүү жөнүндө» токтому
МИҢ-КУШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIΙI-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 5 – сессиясы 2023-жылдын 18-декабрындагы № 8-5-6 Миң-Куш айыл аймагында мүлк салыгын киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык мүлк салыгы боюнча сунушту карап чыгып, сессияда талкуулап Миң-Куш айылдык кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык Миң-Куш айыл аймагында мүлк салыгы киргизилсин. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Миң-Куш айыл өкмөт башчысына жана Миң-Куш айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адисине тапшырылсын. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, min-kush.kg веп-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн. Токтомду көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага
Д.Т.Абдыралиев
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 1 · cited by 0 · related 0
References (1)
- Закон «О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики»Закон · 18.01.2022 · № 4