Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Байзак айылдык кеңешинин (Мин-Куш айылындагы көчүрүлүүгө муктаж үй-бүлөөлөрдү коопсуз аймакка көчүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин № 358-р тескемесинин негизинде жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Миң-Куш айылындагы көчүрүлө турган элин Байзак айыл аймагынын Таш- Арык участкасына жайгаштыруу жөнүндө) токтому
БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 6-февралы № 7/3
Мин-Куш айылындагы көчүрүлүүгө муктаж үй-бүлөөлөрдү коопсуз аймакка көчүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин № 358-р тескемесинин негизинде жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Миң-Куш айылындагы көчүрүлө турган элин Байзак айыл аймагынын Таш- Арык участкасына жайгаштыруу жөнүндө Байзак айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 358-р тескемесин жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин 10-февраль 2014-жылдагы тапшырмасынын талаптарын аткаруу максатында Миң-Куш айылынын көчүрүлүүгө муктаж 11 түтүнүн жайгаштыруу үчүн Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Таш-Арык участкасы, Жумгал райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынын каттосунда турган №1789 контурлуу жер тилкесинен 1.65 (бир алтымыш беш) гектар жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттодон өткөрүлүп jumgal.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
3. Бөлүнүп берилген жер аянтын трансфармациялоого юридикалык документтерин бүткөрү жагы Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сапаровго тапшырылсын.
Төрага
Б. Шурубеков
+
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.