Жаңы-Арык айылдык кеңешинин «Миң-Куш айылынын кѳчүрүлүүгѳ муктаж 11(он бир) үй-бүлѳнү жайгаштырууга аныкталган жер тилкесин трансформациялоого сунуштоо жѳнүндѳ» токтому
A question about this document?Check the chatbot’s answer against the document
The AI answers from the text of the lawThe AI answers from the current edition · free
40 AI answers a month - free. No bank card needed.
ЖАҢЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Жаңы-Арык айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын II кезексиз сессиясы
2015-жылдын 3-февралы № 2/1
Миң-Куш айылынын кѳчүрүлүүгѳ муктаж 11(он бир) үй-бүлѳнү жайгаштырууга аныкталган жер тилкесин трансформациялоого сунуштоо жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин 2013-жылдын 6-сентябрындагы №358-р «Миң-Куш айылындагы кѳчүрүлүүгѳ муктаж үй-бүлѳлѳрдү коопсуз аймакка кѳчүрүү жѳнүндѳ» тескемесин, Кыргыз Республикасынын вице-премьер министринин 2014-жылдагы №18-22 протоколдук тапшырмасын, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн аппаратынын 17-ноябрь 2014-жылдагы 06/2-2014 катынын талаптарын аткаруу максатында жана Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын «Больницанын үстү» участогунан турак-жай курууга 1,1 га жер аянтын трансформация кылууга сунуштоо жѳнүндѳ билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаңы-Арык айыл аймагынын айылдык Кеңеши, ТОКТОМ КЫЛАТ: Миң-Куш айылынын кѳчүрүлүүгѳ муктаж 11 (он бир) үй-бүлѳгѳ турак-жай курууга аныкталган Жаңы-Арык айыл аймагындагы «Больницанын үстү» участогунан 1,1 га жер аянты трансформация кылууга сунушталсын. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ жѳнѳтүлсүн. Ушул токтом айыл ѳкмѳтүнүн аппаратынан каттоодон ѳткѳрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн. Токтомдун аткарылышын контролдоо Жаны-Арык айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К.Кадиевге жүктѳлсүн.
Төрайым
Б. Жумаева
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.
40 AI answers a month - free. No bank card needed.