Have a question about this document?Check the AI's answer against the law
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles.Chatbots get Kyrgyz law wrong. Here the AI answers from the current edition and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
For example:
Эмгек-Талаа айылдык кеңешинин «Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдарында түзүлгөн аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын каттоо жөнүндө» токтому
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2013-жылдын 10-апрели № 3
Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдарында түзүлгөн аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы «Кыргыз Республикасында аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин жөнгө салу жоболорду бекитүү тууралуу» №625 токтомунун жоболорун жетекчиликке алып, ошондой эле Эмгек-Талаа айыл аймагынын Ак-Талаа айылынын тургундарынын 2013-жылдын 20-мартындагы жана Эмгек-Талаа айылынын тургундарынын 2013-жылдын 9-апрелиндеги жалпы чогулуштарынын чечимдеринин негизинде, Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Эмгек-Талаа айылында 10 (он) чөлкөм, Ак-Талаа айылында 10 (он) чөлкөм болуп бекитилсин.
2. Ар бир чөлкөмгө чөлкөм башчылары дайындалсын.
3. Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн чөлкөмүнүн жобосу иштелип чыксын.
4. Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн чөлкөмүнүн жобосун 10 (он) күндүн ичинде иштер чыгуу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эсенбековго милдеттендирилсин.
Төрага
А. Эсенбеков
Still have questions about this document?
Ask the AI - it answers from the text of the law and shows the articles. 40 AI answers a month - free.
Related acts
references 0 · cited by 0 · related 2
Related documents (2)
From the source database (cbd.minjust.gov.kg), without saying which act cites which.
- Закон «О местном самоуправлении»Закон · 15.07.2011 · № 101 · No longer in force
- Постановление Правительства КР от 10 октября 2001 года № 625 "Об утверждении положений, регламентирующих деятельность органов территориального общественного самоуправления в…Постановление · 10.10.2001 · № 625 · No longer in force